Экинчи этапка отуу учун жол-жобосу Чакан гранттар программасын ишке ашыруу боюнча колдонмонун негизинде жүргүзүлөт:
Бардык кызыккандар жана квалификациялуу талапкерлер ЧГПнын экинчи этабына катышуу ниетин билдирүү үчүн АРИСке же ЦРСМге кайрылуусу керек.
Программанын экинчи этабына катышууга жарамдуулугун тастыктоо үчүн АРИС же ЦРСМ талапкердин мурунку этапта аткарган ишине баа берип, аны канааттандырарлык деп жарыялоого тийиш. ЧГПнын экинчи этабын каржылоого жарамдуу болуу үчүн арыз берүүчү төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
1) ЧГПнын биринчи этабынын алкагында каржыланган макулдашылган долбоордук өтүнмөдө баяндалган иш-чаралардын канааттандырарлык аткарылышы.
2) биринчи этапта өтүнмөдө билдирилген сатуунун, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн демонстрацияланган өсүшү
3) мурунку иш мезгилиндеги бардык талап кылынган салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү ырастоо
4) экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча талаптарга шайкештигин көрсөтүү.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча АРИС же ЦРСМ Программанын экинчи этабына кирүү үчүн өтүнмө ээсинин арызын даярдайт. Бардык тандалган катышуучулар каржылоо үчүн долбоордун арызын даярдоону баштоого чакырылат. Алдын ала тандоодон өтпөй калган ишкерлерге да баш тартуунун себептери көрсөтүлүп маалымдалат. Эгерде арыз ээси анын статусу менен макул болбосо, ал “Даттанууларды кароо” бөлүмүндө баяндалгандай даттана алат.
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 24-март айы, саат 18:00гө чейин! Белгиленген мөөнөттөн кийин берилген документтер КАРАЛБАЙТ!