Чакан гранттар программасы жаңы баштаган ишканаларга жана чакан жана орто ишканаларг потенциалды жогорулатуу, ошондой эле алардын өз ишмердүүлүгүндө туруктуу өнүгүү демилгелерине каржылык колдоо көрсөтүү аркылуу жардам көрсөтүүгө багытталган. Алынган билимдердин негизинде ЧГПнын тандалган катышуучулары туризм, агротуризм, өнөр жай өндүрүшү (чакан өнөр жай, мисалы: тигүү цехтери, тамак-аш ж.б.), кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө жаңы иш-чараларды баштоого же иштеп жаткандарын кеңейтүүгө финансылык колдоо алышат. Ош облусунун 4 шаарында, 7 районунда жана 88 айыл аймагында.
Учурда Баткен районунун экономикалык өнүгүүсүнүн экинчи долбоору (ПРЭР-2) ишке ашырылууда. Долбоор Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (мындан ары – АРИС) тарабынан ишке ашырылып, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (мындан ары – ЭӨА\МАР) тарабынан каржыланып, негизги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, тандалган айыл чарбалык нарк чынжырларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Баткен облусунда жеке ишкердиктин активдүүлүгүн жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. ПРЭР-2 чакан бизнести (МП\ИП) өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. Программанын алкагында шаар жана айыл жерлеринде жаңы ишканаларды ишке киргизүү, ошондой эле аялдар жана жаштар баштаган демилгелерди колдоого басым жасалат.
Чакан гранттар программасы (ЧГП) этап-этабы менен ишке ашат, анын жүрүшүндө тандалган катышуучулар бизнести кантип баштоо жана жүргүзүү, энергияны үнөмдөөчү техникалык чечимдерди жана бизнес-пландарында кандай болбосун башка жашыл инфраструктура идеясын ишке ашыруу боюнча комплекстүү окутуу программасынан өтүшөт. Окуу программасын ийгиликтүү аяктагандар гранттык каржылоого кайрылууга укуктуу. Программага Баткен облусунун үч районунун бардык 31 айыл өкмөттөрүнөн, ошондой эле Баткен, Раззаков (Исфана), Кадамжай шаарларынан жана башка потенциалдуу өсүш пункттарынан 15ке чейинки жумушчусу бар чакан ишканалар (ИП\МП) же жеке ишкерлер (ЖИ) катышууга уруксат берилет. Кененирээк маалыматты “Жаңылыктар” бөлүмүнөн тапса болот.