ПРЭР долбоорун ишке ашыруунун алкагында АРИС чакан гранттар программасын (ЧГП) жүргүзүп, демилгелерди колдоого жана ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.
Экинчи этапка кимдер катыша алат?
- Чакан гранттар программасынын биринчи этабын ийгиликтүү аяктаган талапкерлер.
- Катышуу үчүн АРИСкеже программанын консультантына (тандоо процессин коштоп жүргөн жооптуу адиске) кайрылуу зарыл.
Тандоо критерийлери:
Экинчи этапка өтүү үчүн талапкер төмөнкүлөрдү тастыктоого тийиш:
- Биринчи этаптагы долбоорду толук жана сапаттуу аткаруу.
- Сатуу, иш жана кызмат көрсөтүү көлөмдөрүнүн өсүшүн далилдөө.
- Бардык салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөө.
- Экологиялык жана социалдык стандарттардын сакталышын камсыздоо.
Баалоодон кийин эмне болот?
- Тандалган талапкерлер жаңы долбоордук өтүнмөнү даярдоого киришет.
- Тандоодон өтпөгөн талапкерлер баш тартуунун себептери тууралуу маалымат алышат.
- Эгерде талапкер тандоо комиссиясынын чечими менен макул болбосо, арыз менен кайрыла алат.
Маанилүү!
📌 Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 24-марты, саат 18:00!
📌 Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин тапшырылган документтер КАРАЛБАЙТ!
⏳ Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз – өтүнмөңүздү убагында тапшырыңыз!