Чакан Гранттар Программасынын катышуучулары менен Гранттык макулдашууларга кол коюу аземи

 

 

 

Чакан гранттар программасынын катышуучулары менен Гранттык макулдашууларга кол коюу аземи.

29-январь 2024-жылы Ош шаарында “Ош облусунда жана Ош шаарында региондук экономикалык өнүгүү”долбоорунун алкагында уюштурулган чакан гранттар программасынын катышуучулары менен Гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.
Бул иш-чара аймактагы чакан ишкерликти өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды жана жергиликтүү ишкерлерди инновацияга жана бизнести өнүктүрүүгө умтулууда колдоого багытталган.

Комитет тарабынан бекитилген Программанын катышуучулары эми адистер тарабынан консультациялык колдоо алуу менен өздөрүнүн долбоордук арыздарын ишке ашырууга даяр. Ийгиликтүү өткөн катышуучулардын тизмеси төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: sgp.aris.kg
Чакан гранттар программасы Ош облусунда иш жүргүзгөн жеке ишкерлерди Активдүү тартат жана аймакта чакан бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Уюштуруучулар программанын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Ош облусунун мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, алардын долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашырылышына ишеним артышат.
Кошумча суроолор үчүн кайрылыңыз :

Байланыш: +996 703 002 240 ;+996 705 002 240
Электрондук почта: jip.dclm@gmail.com