Баткен облусунун Экинчи Региондук Экономикалык өнүгүү долбоорунун (ПРЭР-2) алкагында чакан гранттар программасы: Сиздин бизнесиңиз үчүн мүмкүнчүлүк!
Долбоордун өнүктүрүү максаты (ПРЭР-2) негизги муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, жеке айыл чарба тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Баткен облусундагы чакан бизнестин активдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.
Баткен областында Экинчи “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чакан гранттар программасын ишке ашыруу боюнча маалымат.
ЧГП Максаты: Окутуу жана каржылык жардам аркылуу стартаптарды жана чакан бизнести колдоо.
Ким үчүн:
- Жеке ишкерлер (ЖК) жана 15ке чейин кызматкерлери бар чакан ишканалар (ЖБ).
- Баткен облусунун тургундары.
- Өзгөчө артыкчылык — аялдар, жаштар (18-28 жаш) жана социалдык жактан аялуу топтор.
Сиз эмне аласыз:
- Акысыз окутуу: Бизнес пландоо, финансылык сабаттуулук жана маркетинг жана сатып алуу процедуралары.
- Каржылоо: Биринчи этапта 8 000 долларга чейин, экинчи этапта 20 000 долларга чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү.
- Техникалык колдоо: Сатып алуу жана долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү.
Катышуу шарттары:
Тармактардын бирин тандаңыз: туризм, тамак-аш өндүрүшү, коомдук тамактануу, кол өнөрчүлүк, кызмат көрсөтүү, өндүрүш же билим берүү.
- Онлайн арыз тапшыруу.
- Тренингден өтүп, бизнес-планыңызды коргоңуз.
Маанилүү пункт:
- Кошумча каржылоо зарыл: биринчи этапта 20% кем эмес.
- Социалдык жактан аялуу топтор үчүн кошумча каржылоо талап кылынбайт.
Кантип тапшырса болот:
- Биздин сайтыбыздагы форманы толтуруңуз: http://sgp.aris.kg
- Мөөнөтү: 20 октябрь 2025ж. 18:00. (бул убакыттан отуп берген докуметтер кабыл алынбайт)
Шансыңызды колдон чыгарбаңыз! Биз менен бизнесиңизди баштаңыз же кеңейтиңиз!
Кошумча суроолор боюнча томонку байланыштар менен байланышуу:
- WhatsApp: +996 779 813 505 и +996 703 002 240
- Веб-сайт: http://sgp.aris.kg
- Социалдык тармактар: Бизди Facebook жана Instagramдан табыңыз.