Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан демилгеленген Чакан гранттар программасынын (ЧГП) алкагында улуттук кийим дизайнери Жылдыз Токсобаева чакан бизнести колдоо кантип чоң жетишкендиктерге алып келерин жана аймактын маданий өнүгүүсүнө чоң салым кошо аларын ийгиликтүү көрсөттү.
10 жылдан ашык тажрыйбасы бар Jannatai брендинин негиздөөчүсү Жылдыз ар дайым кийимдерди жаратуу менен чектелбестен, кыргыз маданиятынын салттуу элементтерин кайра жандандырып, заманбап дүйнөгө ыңгайлаштырууга умтулуп келет. ЧГПнын Ош облусунун региондук экономикасын өнүктүрүү долбоорунун (ПРЭР-1) каржылоосунун аркасында ал өзүнүн бизнесин кеңейтип, өндүрүштү кеңейте алды.
«Чакан гранттар программасы менин брендим үчүн бурулуш болду», – дейт Жылдыз Токсобаева. «Мен жаңы жабдууларды гана сатып албастан, өз идеяларымды ишке ашырып, кыргыздын улуттук кийимдерин, өзгөчө элечекти күнүмдүк кийүү үчүн жеткиликтүү жана жагымдуу кыла алдым. Грант мага цехимди толук кандуу өндүрүштүк ишканага айлантууга мүмкүндүк берди, бул өндүрүштүн көлөмүн кыйла көбөйтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты». Жылдыздын ийгилиги жеке бизнеси менен эле чектелбейт. Ал жаш дизайнерлерге жана усталарга насаатчы болуп, өзүнүн билимин жана тажрыйбасын активдүү бөлүшөт. Анын чыгармачылыгы жаңы муунду шыктандырып, улуттук мурастарды сактоого жана жайылтууга зор салым кошууда.
Jannatai брендинин коллекциялары аймактык жана эл аралык көргөзмөлөрдө үзгүлтүксүз жогорку баа алып келет. Жылдыз 2024-жылы Ош шаарында өткөн “Ак Буура” мода жумалыгында өз эмгектерин ийгиликтүү көрсөтсө, 2025-жылы август айында Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган универсалдуу көргөзмөгө катышкан.
Анын талантын жана салымын баалоо жогорку деңгээлде белгиленди. Ош шаарынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө кошкон салымы үчүн Жылдыз Токсобаева Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды, аны төрага Б.Баетов өзү тапшырды. Жылдыз Токсобаеванын аңгемеси чакан бизнеске жумшалган инвестициялар экономиканын өсүшүнө гана салым кошпостон, маданий өзгөчөлүктү чыңдап, таланттуу адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүнүн жаркын мисалы.