2025-жылдын 18-июлунан 5-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин МРУнун Ош облустук башкармалыгынын башкы адиси Жумабаев Бактыбек жана жетектөөчү адиси Саидимаматов Жаныш Ош шаарында жана Чакан грант программасынын катышуучуларына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Мониторингдин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүн чагылдырган ЧГП бардык бенефициарлары менен жолугушууларды өткөрүшөт, мисалы: кийим өндүрүү, тамак-аш жана азык-түлүк эмес өндүрүш, туризм индустриясы жана билим берүү кызматтары.
Мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү аспектилер текшерилет:
- чакан гранттар программасынын PRER-1 долбоорунун алкагында берилген жабдуулардын болушу жана максаттуу пайдаланылышы;
- салык отчеттуулугу;
- сатуунун өсүшү;
- грантты алгандан кийин түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
- бенефициарлардын жетишкендиги.
Бенефициарларга программага катышуунун практикалык артыкчылыктары жана натыйжалуулугу тууралуу суроолор да берилет. Өз кезегинде ишкерлер мамлекеттик органдар менен мындан аркы өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин билдиришип, салык салуу боюнча суроолорду берип, алар боюнча керектүү түшүндүрмөлөрдү жана консультацияларды алышат.
Мындай мониторинг консультант, долбоор жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү тарабынан үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп турат.