ЧГПнын биринчи этабынын алкагында өз долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырган жана бардык отчет талаптарын аткарган катышуучулар өз ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн экинчи этапка катышууга чакырылат!
1-КАДАМ. Катышуу үчүн арыз берүү.
ЧГПнын экинчи этабына катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыгуусун билдирүү формасын (1-тиркеме) ПРИЛОЖЕНИЕ , ТИРКЕМЕ 1 толтуруп, jip.dclm@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүшү керек; документтер кагаз турундо жеке колго кабыл алынбайт! Кызыкчылык билдирүү формасын берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-майдын 2025-ж., саат 18:00гө чейин, белгиленген мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн документтер КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ!
Тандоо критерийлери:
ЧГПнын экинчи этабын каржылоону алуу үчүн, талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
- ЧГПнын биринчи этабында каржыланган долбоордук өтүнмөдө баяндалган иш-чаралардын канааттандырарлык аткарылышы.
- Биринчи этапта арызда билдирилген сатуунун, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүжана тастыктоо.
- Иштин мурунку мезгили үчүн бардык зарыл болгон салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү тастыктоо.
- Экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди башкаруу боюнча талаптарга ылайыктуулугун көрсөтүү.
Баалоо процесси:
Комитет экинчи этапка катышууга жарамдуулугун ырастоо үчүн өтүнмө ээсинин мурунку этапта аткарган ишин баалайт.
Натыйжалар:
Баалоонун жыйынтыгы боюнча ЦРСМ, Программанын экинчи этабына кабыл алуу жөнүндө маалымат официалдуу турундо берет. Тандалган катышуучулар каржылоо үчүн долбоордук сунушту даярдоого чакырылат. Алдын ала тандоодон отпой калган талапкерлерди жана эмне себептер менен отпой калган боюнча маалымдалат.
Алдын ала тандоонун жыйынтыгы тууралуу 19-майда маалымдалат.
Арыздарды кароо:
Комитеттин чечими менен макул болбогон талапкерлер, арыз аркылуу кайрылууга укуктуу, 5 жумуш күндүн ичинде, акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 23-майы саат 16:00гө чейин.
АРИСтин маалымат каналдары аркылуу билдире аласыз:
- WhatsApp: + 996 (770) 70-05-22, тел.: + 996 (550) 70-05-22,
- АРИСтин сайты: www.aris.kg
- E-mail: bfm@aris.kg
Ошондой эле төмөнкү маалымат каналдары аркылуу:
http://sgp.aris.kg/ru/contacts/
2-КАДАМ. Бизнес-планды иштеп чыгуу.
Экинчи этапка макулдук алгандан кийин грант алуучулар иштелип чыккан бизнес долбоорлорду/пландарды жана презентацияларды Комитеттин кароосуна тапшырышат, акыркы мөөнөт 2025-жылдын 4-июлуна чейин. jip.dclm@gmail.com электрондук почтасы боюнча саат 16:00гө чейин документтер кагаз турундо жеке колго кабыл алынбайт. Белгиленген мөөнөттөн кийин жөнөтүлгөн документтер КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ!
3-КАДАМ. Баалоо.
Келип түшкөн документтер Чакан гранттар боюнча комитет тарабынан каралат жана бекитилет. Мөөнөтү 11 июлдун 2025 жылында.
Комитеттин жыйынтыгы 2025-жылдын 14-июлда билдирилет.
Комитеттин чечими менен макул болбогон талапкерлер, арыз аркылуу кайрылууга укуктуу, 5 жумуш күндүн ичинде, bfm@aris.kg, жана jip.dclm@gmail.com электрондук даректерине кайрылууга болот.
4-КАДАМ. Гранттык макулдашууларга кол коюу.
Гранттык келишимдерге Ош шаарында 2025-жылдын 23-24-июлунда кол коюу аземи болот.
5-КАДАМ. Сатып алуу процедураларына даярдоо.
Сатып алуу/конкурс/тендер тартиби 2025-жылдын 28-июлунан башталат.
Толук маалыматтарды алуу боюнча байланыш туйундору:
Көбүрөөк маалымат алуу жана арыздарды тапшыруу үчүн jip.dclm@gmail.com же +996 703 002 240 телефону менен байланышсанар болот.