Жергиликтүү муниципалитеттерди өнүктүрүү борбору «Ош облусундагы региондук экономиканы өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Ош облусунда кичи жана орто бизнести колдоону ийгиликтүү жүргүзүп келет. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, КР Экономика жана соода министрлиги тарабынан жактырылган долбоор аймактагы ишкердикти өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Ош облусунан 181ден ашык ишкерге бизнес-план түзүүгө жана долбоорлорду ишке ашырууга ар тараптуу жардамдар көрсөтүлдү. Алынган гранттардын аркасында жергиликтүү ишкерлер инновацияларды активдүү киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүп, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө салым кошууда. Бүгүнкү күндө АРИСтин жана Онуктуруу бордун кызматкерлери тарабынан бардык грант алуучуларга мониторингдик баруулар жүргүзүлүүдө.