Ош шаарында, 2024-жылдын 15-октябр айында – Чакан гранттар программасынын алкагында Ош облусунда 180 ишкер өздөрүнүн бизнесин өнүктүрүү үчүн жигердүү колдоо көрүшүүдө. Грант алуучулар өлкөнүн экономикасына чоң салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүшөт жана инновациялык технологияларды, анын ичинде жашыл экономика чөйрөсүнө киргизүүдө.
Бүгүн грант алуучулардын жалпы чогулушу болуп, анда катышуучулар каржылык отчеттуулукту түзүү эрежелери жана башка долбоорлор жана ассоциациялар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты. Мындай жолугушуулардын максаты – натыйжалуу өндүрүш чынжырларын түзүү жана жергиликтүү экономиканы чыңдоо үчүн ишкерлердин күч-аракетин бириктирүү. Бул жолугушуунун алкагында атайын конок, Дестинация Ош ассоциациясынын төрагасы Алиев Абдулкадыр чакырылып, ал Ош облусунда жана республикада туризмди өнүктүрүү боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.
Бул долбоор иш орундарын түзүү, жакырчылыкты кыскартуу, айыл чарба өндүрүшүндө кошумча нарк чынжырын түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле Ош облусунда туризмди жана Ош облусунун экономикалык комплексин өнүктүрүү максатында Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылууда. Ош шаары. Бул долбоор кичи жана орто бизнести колдоонун маанилүү аспектиси жана аймактын өнүгүү келечегин билдирет.
Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Соода Министрлиги тарабынан бекитилген
ПРЭР-1 Ош облусунда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, ишкерлерди финансылык жактан гана эмес, ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн керектүү билим жана инструменттер менен камсыз кылууда.