Алай району, Ош облусу, Кыргыз Республикасы — Жибек-Жол айыл аймагынын Согонду айылында иш алып барып жаткан «Алмалуу» эс алуу жайы ишкер Ормонова Динара Бакалбаевнанын жетекчилиги астында ийгиликтүү өнүгүп келет. Бул объект үй-бүлөлүк туризм тармагындагы ийгиликтүү ишкердиктин үлгүсү болуп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.
«Алмалуу» эс алуу жайы беш жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет жана дарыяга жакын кооз жаратылыш аймагында жайгашкан. Бул өзгөчөлүк туристтерди жана жергиликтүү тургундарды тартууда негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат.
Мамлекеттик ишкердикти колдоо программасынын алкагында ишкер Ормонова Динара Бакалбаевнага гранттык колдоо көрсөтүлүп, анын эсебинен үч жаңы кыргыз боз үйү сатылып алынган. Боз үйлөр үстөлдөр жана улуттук шырдактар менен жабдылып, эс алуу жайынын инфраструктурасын жакшыртууга, конокторду кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана туристтик жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.
Жаңы боз үйлөр коноктор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге кыргыз элинин улуттук маданиятын жана салттуу жашоо образын таанытууга да чоң салым кошууда.
Эс алуу жайында коопсуздук жана санитардык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн бардык зарыл уруксат берүүчү документтер алынган. Анын ичинде коомдук тамактануу объектисинин санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктуулугу боюнча корутунду бар. Бардык кызматкерлер милдеттүү медициналык кароодон өтүп, санитардык китепчелер менен камсыз болушкан.
Учурда эс алуу жайынын ишине ишкердин өзү Ормонова Динара Бакалбаевна, анын жолдошу жана уулу активдүү катышууда. Туристтик сезон учурунда кошумча эки сезондук кызматкер — официанттар тартылат. Ишкердин кызы да негизги жумушунан бош убакта эс алуу жайына жардам көрсөтөт. Үй-бүлөлүк эмгек жана сезондук кызматкерлердин катышуусу менен объекттин туруктуу иштөөсү жана конокторго сапаттуу кызмат көрсөтүү камсыздалууда.
Ишкердин айтымында, мамлекеттик колдоо бизнести өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү:
«Алынган гранттын жардамы менен жаңы боз үйлөрдү сатып алып, эс алуу жайыбызды коноктор үчүн дагы ыңгайлуу жана жагымдуу кыла алдык. Мындан ары да кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртып, ишибизди өнүктүрүүнү улантабыз».
Акыркы жылдары райондо эс алуу кызматтарын көрсөткөн объекттердин саны көбөйүп, атаандаштык күчөдү. Ушуга байланыштуу «Алмалуу» эс алуу жайы өз кызматтарын жайылтууга өзгөчө көңүл буруп келет. Социалдык тармактарда күн сайын жаңыланган маалыматтар, сүрөттөр, окуялар жана сунуштар жарыяланып, жаңы кардарларды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик колдоонун ПРЭР-1 долбоордун колдоосу менен, жоопкерчиликтүү иш алып баруунун жана кызматтарды үзгүлтүксүз жакшыртуунун негизинде «Алмалуу» эс алуу жайы Алай районунун туристтик тармагындагы позициясын бекемдеп, жергиликтүү туризмдин өнүгүшүнө жана калкты иш менен камсыз кылууга салым кошууда.