https://www.facebook.com/share/v/6TTvSmcE27GQQK4S/?mibextid=WC7FNe
2020-жылы пандемиянын кесепеттерин көрүп, кесиби боюнча технолог Роза Бакирова өз тагдырын өз колуна алып, сүт азыктарын өндүрүү боюнча жеке бизнесин ачууну чечкен. Социалдык тармактардан Чакан гранттар программасы (ЧГП) жөнүндө билгенден кийин, ал кыялын ишке ашырууга гана эмес, бизнесин кеңейтүүгө да мүмкүнчүлүктү көрдү.
ЧГП Роза эженин бизнесине кандайча жардам берген?
Долбоорго катышканга чейин атайын техниканын жоктугунан Роза эже күнүнө 100 литрге чейин гана сүт иштете алган. Грант ага заманбап жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берди, бул чыныгы жетишкендик.
Ал сутту кайра иштеп чыгаруунун кубаттуулугун бир кыйла жогорулатып, суткасына 300 литрге чейин жеткирип, мурдагы сутту уч эсе кебейду.
Ал тез эле популярдуулукка ээ болгон кыска сактоо мөөнөтү менен табигый сыр рыногун кеңейтти. Бүгүнкү күндө Роза эже шаардагы тогуз кафе, ресторан жана төрт соода түйүнү менен өнөктөш.
Анын продуктуларынын негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү алардын табигый жумшак сырларга багытталгандыгы болуп саналат, аларга суроо-талап күн сайын өсүп жатат.
Роза Бакированын окуясы Чакан гранттар программасы ишкерлерге кыйынчылыктарды жеңүүгө, өсүүгө жана сапаттуу продукцияны түзүүгө кандайча жардам берип жатканынын жаркын мисалы.
Келечекке максат:
Роза эже ушуну менен эле токтоп калбайт. Анын кийинки максаты – чакан завод ачып, табигый сырларды дагы да көп адамдарга жеткиликтүү кылуу.
Бул мамлекеттик колдоо жөн эле каржылоо эмес, келечекти курууга жана иштөөгө даяр болгондорго инвестиция экенинин ынанымдуу далили.