Чакан гранттар программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биз жергиликтүү тренерлердин көндүмдөрүн өркүндөтүп жатабыз!

2025-жылдын 21-октябрында Бишкекте катаал тандоо процессинен өткөн чакан гранттар программасынын катышуучуларын даярдоо боюнча маанилүү иш-чара болгон Тренерлерди окутуу (TOT) ийгиликтүү аяктады. Биз Ош жана Баткен аймактарынан катышуучулар менен жер-жерлерде иштей турган жогорку квалификациялуу тренерлердин тобун чогулттук. Окутуу АРИС\ПРЭР-1 жана ПРЭР- 2 командаларынын активдүү катышуусу жана колдоосу менен өткөрүлдү! Тренерлер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган программа үчүн атайын иштелип чыккан бекитилген модулдарды колдонуу менен тереңдетилген окутуудан өтүштү. Бул квалификациялуу адистер өз билимдерин тандалып алынган чакан гранттар катышуучулары менен бөлүшүүгө даяр! Жакында биз бизнес-пландоо боюнча 5 күндүк жер-жерлерде окутуу курстарын баштайбыз. Жаңылыктарыбызды күтүп туруңуз! Бардык материалдар АРИС тарабынан бекитилген жана биздин веб-сайтта жеткиликтүү!

https://youtube.com/shorts/xxjZCaaBp6A