Ош облусунда «Машрап-Сай» эс алуу аймагы коноктор үчүн эшигин ачты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Лангар айылында жеке ишкер Матаева Динара ички туризмди өнүктүрүүгө жана үй-бүлөлүк эс алуу, салтанаттуу иш-чаралар үчүн ыңгайлуу мейкиндик түзүүгө багытталган «Машрап-Сай» эс алуу аймагынын долбоорун ийгиликтүү ишке ашырды.

Долбоор ПРЭР-1 Кичи гранттар программасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Гранттын эсебинен 4 боз үй сатып алынды: бири 6 канаттуу жана үчөө 4 канаттуу. Учурда бардык боз үйлөр конокторду кабыл алууда жана тейлөөдө активдүү колдонулууда.

Эс алуу аймагынын салтанаттуу ачылышы 2026-жылдын 15-июнунда болуп өттү. Алгачкы күндөрдөн тарта объект жергиликтүү тургундардын жана аймактын конокторунун арасында суроо-талапка ээ болду. Эс алуу аймагы жумасына орточо эсеп менен 25тен 40ка чейин адамды тейлейт. Бул жерде үй-бүлөлүк иш-чаралар, майрамдар жана башка салтанаттар өткөрүлөт.

Негизги жарнама каражаттары болуп Instagram жана WhatsApp социалдык тармактары эсептелет, алар аркылуу коноктор менен активдүү байланыш жүргүзүлүп, заказдар кабыл алынат.

Учурда «Машрап-Сай» эс алуу аймагында 4 жумушчу орду түзүлгөн (3 аял жана 1 эркек). Ашкананын иштеши үчүн бардык зарыл уруксат берүүчү документтер алынган, бул конокторду тийиштүү деңгээлде тамак-аш менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ишкердин планында – коноктордун өсүп жаткан муктаждыктарына ылайык боз үйлөрдүн санын кеңейтүү жана кошумча инфраструктураны (тамактануу аймагы жана топчондорду орнотуу) өнүктүрүү.

«Машрап-Сай» эс алуу аймагы гранттык программалар аркылуу мамлекеттик колдоо Кыргызстандын аймактарында ишкерликти жана туризмдик потенциалды өнүктүрүүгө кандай жардам береринин жаркын үлгүсү болуп калууда.