https://youtube.com/shorts/JXjNR-hp2sU?feature=share
2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облустук администрациясында АРИС\ПРЭР-2 менен чакан гранттар программасынын жеңүүчүлөрүнүн ортосундагы гранттык келишимдерге кол коюу аземи өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда жетишилген макулдашууларга ылайык, Баткен облусунун аймагында чакан жана орто бизнести колдоого багытталган кичи гранттар программасы АРИС уюму тарабынан ишке ашырылууда.
Бүгүн аталган долбоордун алкагында сынактан ийгиликтүү өткөн жарандар менен АРИС уюмунун ортосунда гранттык макулдашууларга кол коюу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев катышып, аймактарды өнүктүрүү үчүн ишке ашырылып жаткан гранттык долбоорлор жергиликтүү жамааттар үчүн чоң колдоо экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө “мындай долбоорлор ишкердик чөйрөнү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошот. Айрыкча чек ара аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда алардын мааниси чоң”, – деп белгиледи.
Программанын алкагында жалпысынан 712 арыз кабыл алынып, алардын ичинен 590 арыз баштапкы тандоодон өткөрүлгөн. Натыйжада 265 катышуучу окутууга жолдомо алып, алардын 180и окууну ийгиликтүү аяктаган. Анын ичинен 160 катышуучу жыйынтыктоочу тесттен өтүп, жыйынтыгында 134 бизнес-план сунушталган. Сунушталган бизнес-пландардын 133ү комиссия тарабынан жактырылды.
Грант алуучулардын 64 пайызын, же 85ин аялдар түзсө, 36 пайызын, же 48ин эркектер түзөт.
Долбоорлордун 40 пайызы стартаптар болсо, 60 пайызы буга чейин иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө багытталган.
Тармактык бөлүштүрүүдө кызмат көрсөтүү сектору алдыда болуп, 50 долбоорду камтыйт. Мындан тышкары, туризм тармагында 30, тамак-аш өнөр жайында 27, кайра иштетүү тармагында 16, өндүрүш тармагында 8 жана кол өнөрчүлүк багытында 2 долбоор ишке ашырылат.
Аталган программа Баткен облусунда ишкердикти өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жергиликтүү калктын экономикалык абалын чыңдоого багытталган маанилүү демилгелердин бири болуп саналат.