Баткен облусунда Регионалдык экономикалык өнүгүү долбоорунун (ПРЭР-2) Чакан гранттар программасынын алкагында 15-январдан 12-февралга чейин маалыматтык консультациялар өткөрүлдү.
Консультациялар Баткен облусунун ар кайсы аймактарында уюштурулуп, катышуучулар бир нече топко бөлүндү. Консультациялар офлайн жана онлайн форматтарда жүргүзүлдү.
Консультациялардын негизги максаты — бизнес-планды жана тиркемелерди толтуруу тартибин түшүндүрүү, ошондой эле гранттык долбоорлорду ишке ашыруудагы каржылык, уюштуруучулук жана экологиялык талаптар боюнча кеңири маалымат берүү болду.
Талап кылынган документтерди тапшыруунун мөөнөтү бүттү.
Берилген документтер Комитет тарабынан каралат; жыйынтыгын ушул сайттан көрө аласыз!
Бардык ишкерлерге ийгилик каалайбыз!