КИЙИНКИ БАСКЫЧКА ӨТҮҮ – Бизнес-планды иштеп чыгуу Баткен облусунун катышуучуларына

Куттуктайбыз! Бизнес-пландоо боюнча окутуу ийгиликтүү аяктады!

Урматтуу Чакан гранттар программасынын (ЧГП) катышуучулары, Баткен шаарындагы интенсивдүү бизнес-пландоо боюнча окутуу сериясынын ийгиликтүү аяктаганын жарыялоого кубанычтабыз!

Жогорку деңгээлдеги катышууну көрсөткөн жана милдеттүү тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн ар бир катышуучуга ыраазычылык билдиребиз.
Сиздин кийинки кадамыңыз: Бизнес-планды деталдуу иштеп чыгуу (БП үлгүсү аркылуу) жана төмөнкү электрондук почталарга жиберүү маанилүү кадам!

Негизги талаптар:
Шаблон: Бизнес-пландын үлгүсүн жана тиркемелерди ушул ссылка аркылуу https://sgp.aris.kg/kg/education/ жүктөп, ушул гана үлгүсүн колдонушуңуз керек!
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: Толтурулган Бизнес-план жана тиркемелерди 2026-жылдын 9-февралынан кечиктирилбестен тапшырылышы керек, белгиленген убакыттан кийин жөнөтүлгөн докуменнтер кабыл АЛЫНБАЙТ!
Тапшыруунун талабы: Бардык документтер электрондук түрдө гана төмөнкү расмий даректерге кабыл алынат: A.Rahimdinov@aris.kg жана Jip.dclm@gmail.com (корсотулгон электрондук эки почтага салыныз)
Эскертүү:
Сиздин бизнес-планыңыз Комитеттин акыркы баалоосу үчүн негизги документ болот. Сураныч, бизнес-планыңызда так финансылык эсептөөлөр, так маркетинг стратегиялары камтылганын жана ЧГП көрсөтмөлөрүнүн бардык талаптарына жооп берерин текшериңиз.

Сизге ийгилик жана жемиштүү иш каалайбыз!